13.09.2019. №133 Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин, Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 5-сентябрындагы № 519 буйругу менен Нарын облусунун Нарын шаарынын мэри Алымкулов Эмилбек Абдыраимович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 5-сентябрындагы №210-р буйругу менен Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Раев Марлис Турусбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 2-сентябрындагы №248-р буйругу менен Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Чакибаев Эмиль Акжолтоевич өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин, Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 1-октябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Нарын шаардык, Москва жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 13-сентябры
№133