19.05.2021 №218 Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука, 1-Май, Көк-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука, 1-Май, Көк-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

 

2021-жылдын 11-майында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун жаңы шайланган Ала-Бука, 1-Май, Көк-Таш айыл кеңештеринин биринчи сессиялары болуп өттү.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука, 1-Май, Көк-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо, тиркемеге ылайык дайындалсын.

2. Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы №244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

                      ТӨРАГА                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 19-майы

№ 218