“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 1-беренесине, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6, 7-пунктарына, 19-беренесинин 4, 6, 7, 8-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Аймактык шайлоо комиссияларын түзүү боюнча жумушчу топ төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
- Шаимкулова А.Т. - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Жумушчу топтун жетекчиси;
- Кадыркулова А.Б. – Борбордук шайлоо комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары, Жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
- Абдыбекова Ж.М. – юридика бөлүмүнүн башчысы;
- Темиров М.С. – уюштуруу бөлүмүнүн башчысы;
- Аргымбаев М.И. - уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
- Карымбаев К.О. - уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси;
- Басимова Н.М. – ишке тартылган адис.
2. Жумушчу топ Кыгыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына берилген саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү протоколдорун жана тийиштүү документтерди кабыл алууну ишке ашырсын.
3. Жумушчу топ мыйзамда белгиленген мөөнөттө аймактык шайлоо комиссияларын түзүү боюнча материалдарды иликтеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кароосуна киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Төрага Т. Абдраимов
Бишкек ш., 2011-жылдын 13-июлу
№ 17