№200 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А. Шадиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А. Шадиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шадиев Аскарбек Алимбаевичтин “Бир Бол” парламенттик фракциясынан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Бир Бол” парламенттик фракциясынын 2018-жылдын 1-ноябрындагы №167 чечими менен чыгарылган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясынын катталган талапкерлеринин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган Шадиев Аскарбек Алимбаевичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шадиев Аскарбек Алимбаевичтин күбөлүгү жараксыз деп табылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ А. БЕКМАТОВ
Бишкек ш., 2018-жылдын 2-ноябры
№ 200