25.04.2021 №128 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ысык-Көл облусунун

Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Балыкчы шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31 түзөт. Балыкчы шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 18 шайлоо участок түзүлгөн. Балыкчы шаардык кенешинин депутаттарын шайлоого катышуу учун 14 саясий партия катталган.

Талапкерлеринин тизмесин чакыртып алуу жана шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын арызынын негизинде Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 16-апрелиндеги № 34 чечими менен «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмеси каттоосу жокко чыгарылды.

Балыкчы шаардык кеңешине шайлоого катышкан 13 саясий партиянын ичинен 5 саясий партия шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан ашык пайыз алышкан: «Табылга» - 20,20% (10 мандат); «Өнүгүү Прогресс» - 13,55% (6 мандат); «Эмгек» - 11,56% (6 мандат); «Мурас» - 11% (5 мандат); «Замандаш» - 7,52% (4 мандат). Шайлоочулардын саны 29719 түзүп, анын ичинен 11562 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 38,90% түзөт.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык 18 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2021-жылдын 23-апрелиндеги протоколдорунун негизинде Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7,-беренелеринин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40, 51, 56-1-беренелеринин негизинде,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 23-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).
  2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  3. Бул токтомдун көчүрмөсү Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясына жана Балыкчы шаардык кеңешине жиберилсин.
  4. Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
  5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш, 2021-жылдын 25-апрели,

№ 128