«Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 153 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 19-январындагы № 9 токтому менен № 4 Батыш шайлоо округу жана № 5 Жалгыз-Өрүк шайлоо округу боюнча Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары шайлоо округдарын түзүүдөгү укук бузуулардан улам жараксыз деп табылган.«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2,4,5-пункттарын, 20-беренесиндеги 1-бөлүктүн 3-пунктун, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешинин № 4 Батыш жана № 5 Жалгыз-Өрүк шайлоо округдарынын схемаларынын жана чек араларынын сүрөттөлүшү төмөнкүдөй редакцияда бекитилсин:
1) № 4 Батыш шайлоо округу
Шайлоочулардын саны – 2120, мандаттар – 6
Кызыл-Суу айылы
Борбору: Ленин атындагы орто мектеп
Чек аралары: Красновосточная, Намазбеков, Ленин, Пионерская, Манас, Комсомольская, Т.Бербаев көчөлөрү, Ысык-Көл көчөсүнөн тартып Саламатин көчөсүнө чейин эки тарабы, Саламатин, Садовая, Озерная, Титов, Западная, Пушкин, Весенняя, Т.Молдо, К.Акунов, Горная, О.Кошевой, Комаров, Крупская, Калинин, Заводская көчөлөрүнүн так сан тарабы, Строительный шаарчасы, МСО – Новостройка көчөсү жана МТФдагы Молочная көчөсү, Пристань айылы, Кирпичный айылы, Кайнар айылы
2) № 5 Жалгыз-Өрүк шайлоо округу
Шайлоочулардын саны – 637, мандаттар – 2
Борбору: Рысмендеев атындагы орто мектеп
Чек аралары: Жалгыз-Өрүк айылы.
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 19-апрели
№ 54