10.11.2020 №299 2020-жылдын 4-ноябрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 15-октябрындагы № 253 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Александровка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Кайназаров Данияр Шамшидинович райондук мамлекетттик администрациясынан жана Темирбекова Тамара Акыновна жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталып катталышкан.
Москва аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 4-ноябрындагы протоколу менен Александровка айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 19 депутаты катышып, Д.Ш. Кайназаров 15 добуш, Т.А. Темирбекова 1 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 3 добуш берилгендиги белгиленген.
Москва аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 4-ноябрындагы протоколу менен Кайназаров Данияр Шамшидинович Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2020-жылдын 4-октябрындагы Москва аймактык шайлоо комиссиясынын Александровка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 4-октябрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Кайназаров Данияр Шамшидинович Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Москва аймактык шайлоо комиссиясы Александровка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 10 -ноябры
№ 299