А. Султановдун, С.К. Иманбековдун, С.К. Абдимомынованын, А.Н. Джулматовдун, А.Ж. Ысыбаеванын арыздарынын негизинде, Нарын, Жалал-Абад шаардык жана Ак-Талаа, Жумгал, Ноокат, Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарынан жана резервдеринен М.С. Касымбаеваны, Б.Б. Сыдыгалиеваны, У.Н. Чороевди, Асанбек кызы М., Э.С. Болокбаеваны, З.Ш. Жамангазиеваны, Т.З. Абдыгазиеваны, М. Сыдыковду, Т.А. Акматовду, М.У. Абдуллаевди, Ж.А.Жээналиеваны, Р.Ы. Абылкасымованы жана Н.Ж. Жолборсовду чыгаруу боюнча сунуштарын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Улуу Биримдик» улутчул-демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Султанов Амантур чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен «Демократическая партия «Туран» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Ибраева Касира Аяновна киргизилсин;
- комиссиянын резервинен “Замандаш-Современник” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Касымбаева Мунара Сыдыковна, “Акшумкар” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сыдыгалиева Бактыгуль Бейманбековна
чыгарылсын.
2. Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Чороев Урмат Нурланович, Асанбек кызы Махабат, Иманбеков Сагынбек Касымкулович чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бейшеналиев Адилет Токтогулович, Токсунбаева Гүлзат, Капаров Асылбек киргизилсин;
- комиссиянын резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бөлөкбаева Элмира Самансуровна, Жамангулова Зейнегүл Шаршенбековна, Абдыгазиева Таажыгүл Зарлыковна чыгарылсын.
3. Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан “Акшумкар” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сыдыков Мукамбетжусуп чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен «Демократическая партия «Туран» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Карасартов Бекжан Макилович киргизилсин.
4. Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Кыргызстан үй куруучулардын партиясы» Республикалык коомдук-саясий партиясынан көрсөтүлгөн Акматов Тынчтыкбек Арстанбекович чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Омурова Жанылкан Койчуевна киргизилсин.
5. Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдимомынова Света Кенетовна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Картанбаева Марина Шамшиевна киргизилсин.
6. Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Джулматов Асылбек Ниматович чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шамшиев Абдигапар Абдуллаевич киргизилсин.
7. Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдуллаев Муктарали Убайдуллаевич чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сайдахрамов Сайдобил киргизилсин.
8. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ысабаева Аида Жумабековна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ажыкулов Назарбек киргизилсин.
9. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жээналиева Жыпаридза Аманбаевна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен «Эгемен Кыргызстан » саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдыраимов Бакытбек Үсөнович киргизилсин.
10. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы»саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абылкасымова Рахат Ырысбековна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жолборсов Нурбек Жаныбекович чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен «Ата-Журт» Мекенчил партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жаныбеков Мирлан Казыбекович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кангелдиев Ратбек Кимсанович киргизилсин.
11. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 18-сентябры
№ 144
2015-жылдын 18-сентябрында жарыяланды