Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 27-мартындагы № 41 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2015-жылдын 17-майында өткөрүлгөн.
Шайлоону өткөрүү үчүн, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 2 шайлоо округу жана 3 шайлоо участогу түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 4-майындагы № 4 чечиминин негизинде Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө автоматтык эсептөөчү үкөктөргө сыноо жүргүзүлгөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдор добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде түзүлгөн.
Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана жыйынтыгына байланышкан арыздар жана актылар түшкөн эмес.
Жумгал районундагы Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп табылсын.
2. Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
3. Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттыгына тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер шайланган депутаттар деп табылсын.
4. Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 27-майы
№ 51
2015-жылдын 27-майында жарыяланды
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2015-жылдын 27-майындагы
№ 51 токтомуна тиркеме
Жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарынын тизмеси
Нарын облусу
Жумгал району
Көк-Ой айылдык кеңеши
9 мандаттуу “Көк-Ой” шайлоо округу боюнча
|
№ |
Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты |
Шайлоочулардын талапкер үчүн берген добуштарынын саны |
|
1. |
Асаналиев Автандил Букардинович |
347 |
|
2. |
Дондолоев Азамат Ишенбекович |
359 |
|
3. |
Дооткулов Элчибек Медетович |
360 |
|
4. |
Кудайбергенов Бакыт Асанканович |
380 |
|
5. |
Кылычбек уулу Дастан |
371 |
|
6. |
Кыргызбаев Мурат Султанбекович |
386 |
|
7. |
Моношов Зарылбек Суйдуевич |
343 |
|
8. |
Омукеев Мурадил Кочорбаевич |
357 |
|
9. |
Жапаров Афтандил Карыбекович |
323 |
2 мандаттуу “Эмел-Арал” шайлоо округу боюнча
|
1. |
Абдиева Нургул Кубатаевна |
108 |
|
2. |
Жолдошов Нурлан Бейшенкулович |
107 |