16.11.2020 №325 2020-жылы 12-ноябрында өткөрүлгөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2020-жылы 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы № 264 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Түгөнов Калыбек райондук мамлекетттик администрациясынан жана Жолочу уулу Нурсултан, Капаров Эмилбек жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталып катталышкан. 

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 12-ноябрындагы протоколу  менен Тоголок-Молдо айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын бардыгы катышып, К. Түгөнов - 0 добуш, Э. Капаров - 2 добуш, Жолочу уулу Н.  – 9 добуш алгандыгы белгиленген, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш.

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 12-ноябрындагы протоколу менен Жолочу уулу Нурсултан Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2020-жылдын 12-ноябрындагы Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылы 12-ноябрында өткөрүлгөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 12-ноябрындагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Нарын  облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Жолочу уулу Нурсултан Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 16-ноябры

№ 325