2014-жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 5-августундагы № 100 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү.
2014-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-августундагы № 102 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин, Ала-Бука районунун Көк-Таш; Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Дархан; Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлдү.
Аталган аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2014-жылдын 22-августунда, 8-сентябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
2.Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору бекитилсин.
3. Тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп эсептелсин (тиркелет).
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 16-сентябры
№ 109
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
2014-жылдын 16-сентябрындагы
№ 109 токтомунун тиркемеси
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын тизмеси
|
№ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган башчысынын ФАЖ
|
Шайлоо өткөрүлгөн күнү |
||
|
Ысык-Көл облусу Түп району |
|||||
|
1. |
Талды-Суу |
Карымшаков Иличбек Жакшыбаевич |
22.08.2014ж. |
||
|
Жалал-Абад облусу |
|||||
|
2. |
Жалал-Абад шаары |
Авазов Салайдин Абдивалиевич |
08.09.2014ж. |
||
|
Ала-Бука району |
|||||
|
3. |
Көк-Таш |
Умаров Жанышбек Тажимаматович |
08.09.2014ж. |
||
|
Ысык-Көл облусу Жети-Өгүз району |
|||||
|
4. |
Дархан |
Сатылканов Аскарбек Абылаевич |
08.09.2014ж. |
||
|
Баткен облусун Баткен району |
|||||
|
5. |
Ак-Сай |
Акылбеков Субанкул |
08.09.2014ж. |
||