18.06.2021 № 510 2021-жылы 9-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Кочкор районунун Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 9-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Кочкор районунун Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-майындагы №273 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Кочкор районунун Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер –Акишов Бурканбек Карыбекович, Бейшенбеков Бакыт Турсунбекович катталган. Талапкерлер Семиз-Бел айылдык кеңештин депутаттарынан с6нушталган. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Семиз-Бел айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, 1-турда: Б.К. Акишов - 10 добуш, Б.Т. Бейшенбеков – 9 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш, 2-турда: Б.К. Акишов - 12 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 8 добуш, берилгендиги белгиленген. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Акишов Бурканбек Карыбекович Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 1 арыз келип түшкөн. Келип түшкөн арызды карап, ал боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынып, арыз ээсине жооп кат түрүндө берилди. 2021-жылдын 9-июнундагы Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Кочкор районунун 2021-жылы 9-июнунда өткөрүлгөн Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 9-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Нарын облусунун Кочкор районунун Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Акишов Бурканбек Карыбекович Нарын облусунун Кочкор районунун Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 18-июну
№ 510