12.03.2020 №74 2020-жылы 6-мартта өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

 

 

 

2020-жылы 6-мартта өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2020-жылы 6-мартта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 18-февралындагы №48 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Масиров Шайырбек Маматкулович, Мамаюсупов Уларбек Камчыбекович, Тагаев Алманбет Анарбаевич катталган, талапкерлер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 6-мартындагы протоколу менен Сакалды айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, Ш.М.Масиров – 14 добуш, У.К.Мамаюсупов - 7 добуш, А.А.Тагаев – 0 добуш алганы, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 6-мартындагы протоколу менен Масиров Шайырбек Маматкулович Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2020-жылы 6-мартта өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.

1.1. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Масиров Шайырбек Маматкулович Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы Сакалды айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 12-марты
№ 74