17.06.2021№ 494 2021-жылы 10, 11, 12, 13-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун  Ак-Суу районунун Кара-Жал, Бөрү-Баш, Теплоключенка жана Эңилчек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протокол

2021-жылы 10, 11, 12, 13-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун  Ак-Суу районунун Кара-Жал, Бөрү-Баш, Теплоключенка жана Эңилчек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 10, 11, 12, 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын  25-майындагы №318 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун  Ак-Суу районунун Кара-Жал, Бөрү-Баш, Теплоключенка жана Эңилчек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Кара-Жал айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Асакеев Алтынбек Усупжанович, Бараканов Сагындык Калыбекович катталган. Талапкерлер Кара-Жал айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен  Кара-Жал айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып,  А.У. Асакеев - 5 добуш, С. К. Бараканов – 6 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Бараканов Сагындык Калыбекович Кара-Жал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Бөрү-Баш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Джаманкеев Абдрахат Абдыбекович катталган. Талапкер Бөрү-Баш айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Бөрү-Баш айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаттын 10 депутаты катышып, А.А. Джаманкеев. - 10 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Джаманкеев Абдрахат Абдыбекович Бөрү-Баш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Теплоключенка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Кобонбаев Талант Шайлообекович катталган. Талапкер Теплоключенка айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Теплоключенка айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, Т. Ш. Кобонбаев– 20 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Кобонбаев Талант Шайлообекович Теплоключенка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Эңилчек айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Алапаев Эрнис Мелисович, Усубакунов Бактыбек Асанович катталган. Талапкерлер Эңилчек айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 13-июнундагы протоколу менен Эңилчек айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, Э.М. Алапаев - 2 добуш, Б.С. Усубакунов – 9 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 13-июнундагы протоколу менен Усубакунов Бактыбек Асанович Эңилчек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал, Бөрү-Баш, Теплоключенка жана Эңилчек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 10, 11, 12, 13-июнундагы Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Жал, Бөрү-Баш, Теплоключенка жана Эңилчек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун 2021-жылы 10-июнунда өткөрүлгөн Кара-Жал айыл өкмөтүнүн, 2021-жылы 11-июнунда өткөрүлгөн Бөрү-Баш айыл өкмөтүнүн, 2021-жылы 12-июнунда өткөрүлгөн Теплоключенка айыл өкмөтүнүн жана 2021-жылы 13-июнунда Эңилчек айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 10, 11, 12, 13-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал, Бөрү-Баш, Теплоключенка жана Эңилчек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Бараканов Сагындык Калыбекович облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Джаманкеев Абдрахат Абдыбекович Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Кобонбаев Талант Шайлообекович Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.5. Усубакунов Бактыбек Асанович Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Эңилчек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кара-Жал,                  Бөрү-Баш, Теплоключенка жана Эңилчек айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

         

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 17-июну

№ 494