“Кыргызстандын республикачыл элдик партиясы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн алмаштыруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз бергендигине байланыштуу, “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 26-беренесинин 3-, 6-,7-пункттарына, 10-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-,22-пунктчаларына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Кыргызстандын республикачыл элдик партиясы» саясий партиясынын төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулсун:
- Бенисович Сергей Петрович-шайлоо маселелери боюнча;
- Березин Максим Борисович- шайлоо боюнча.
2. 2010-жылдын 15-августундагы №№079, 080 каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.
3. “Кыргызстандын республикачыл элдик партиясы» саясий партиясынын төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталсын:
- Джурсунов Бакыт Джурсунович- финансы маселелери боюнча;
- Абельденов Мелис Мамырбекович- шайлоо боюнча.
4. Саясий партиянын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө каттоо күбөлүктөрү берилсин.
5. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жарыялансын.
ТӨРАГА А.САРИЕВ
Бишкек ш., 2010- жылдын 21-сентябры
№269