№228 Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
2018-жылдын 29-декабрына дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу шайлоо өткөн жок.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2019-жылдын 15-январына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Аламүдун аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 31 - декабры
№228
Бишкек ш., 2018-жылдын 31 - декабры
№228