18.06.2021 № 507 2021-жылы 9-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Кулжа районунун  Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 9-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Кулжа районунун  Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын                         21-майындагы № 258 токтому менен дайындалган Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Айтбаев Нурланбек Рысбекович, Маматкасымов Кенжебек Төрөжанович, Жолдошов Нурбек Жапашович катталган. Талапкерлер Ылай-Талаа айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен                      Ылай-Талаа айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, Н.Р. Айтбаев - 4 добуш, К.Т. Маматкасымов – 6 добуш, Н.Ж. Жолдошов – 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

         Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Жолдошов Нурбек Жапашович Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 9-июнундагы Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын                       49-беренесине ылайык,

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  2021-жылы 9-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш
 берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун
натыйжалары тууралуу Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 9-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Жолдошов Нурбек Жапашович Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                                          

Бишкек ш., 2021-жылдын 18-июну

№ 507