№431 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө

2017-жылдын 9-ноябрында жаңыдан шайланган Жалал-Абад шаардык кеңешинин биринчи сессиясы өткөрүлгөн.
“Кыргыз  Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын     6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо 2017-жылдын 23-ноябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3.Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Жумагуловго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 13 - ноябры
№ 531