29.04.2021 №171 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ак-Дөбө, Аламүдүн, Арашан, Ала-Арча, Васильевка, Грозд, Кара-Жыгач, Көк-Жар, Лебединовка, Ленин, Маевка, Төмөнкү-Аларча, Октябрь, Пригород, Таш-Дөбө жана Таш-Мойнок

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ак-Дөбө, Аламүдүн, Арашан, Ала-Арча, Васильевка, Грозд, Кара-Жыгач, Көк-Жар, Лебединовка, Ленин, Маевка, Төмөнкү-Аларча, Октябрь, Пригород, Таш-Дөбө жана Таш-Мойнок айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо натыйжайлары тууралуу депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы  менен дайындалган Чүй облусунун  Аламүдүн районунун Ак-Дөбө, Аламүдүн, Арашан, Ала-Арча, Васильевка, Грозд, Кара-Жыгач, Көк-Жар, Лебединовка, Ленин, Маевка, Төмөнкү-Аларча, Октябрь, Пригород, Таш-Дөбө жана Таш-Мойнок айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясына 16, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 20-апрелиндеги

- Ак-Дөбө айылдык кеңешинин

- Аламүдүн айылдык кеңешинин

- Арашан айылдык кеңешинин

- Ала-Арча айылдык кеңешинин

- Васильевка айылдык кеңешинин

- Грозд айылдык кеңешинин

- Кара-Жыгач айылдык кеңешинин

- Көк-Жар айылдык кеңешинин

- Лебединовка айылдык кеңешинин

- Ленин айылдык кеңешинин

- Маевка айылдык кеңешинин

- Төмөнкү-Аларча айылдык кеңешинин

- Октябрь айылдык кеңешинин

- Пригород айылдык кеңешинин

- Таш-Дөбө айылдык кеңешинин

- Таш-Мойнок айылдык кеңешинин

депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2.  Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды  каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 29-апрели

№ 171