“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2, 4-бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайталап шайлоо дайындалсын.
2. Айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайталап шайлоону графиги бекитилсин (тиркелет).
3. Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоолорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өтөкрүүнү уюштурсун.
4. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2011-жылдын 29-сентябры
№ 315