Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы 2013-жылдын 8-майындагы № 14 чечими менен 2013-жылдын 26-майына дайындалган 10 мандаттуу Бөрү-Баш айылдык кеңешине 10 мандаттуу Бөрү-Баш шайлоо округу боюнча кайра шайлоого депутаттыкка талапкер катары катышуу үчүн 2012-жылдын 25-ноябрында болуп өткөн жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышпаган төмөнкү адамдарды каттаган: Ахметов А.Т., Булкариев К.У., Жаманкулов Н.К., Коноев Р.С., Кудайбергенов К.Т., Мандылхаев А.М., Осмонбеков Т.А., Сейталиев Б.Т.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1,2,10-пункттарына, 2-бөлүктүн 5-пунктуна «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 8-майындагы № 14 чечиминин 10 мандаттуу Бөрү-Баш шайлоо округу боюнча: Ахметов Алмазбек Турдубековичти, Булкариев Кубатбек Усубалиевичти, Жаманкулов Нурлан Кубанычбековичти, Коноев Раимбек Сыдыковичти, Кудайбергенов Кенжебек Токтосуновичти, Мандылхаев Алтынбек Мукашевичти, Осмонбеков Талайбек Абдрахмановичти, Сейталиев Бакытбек Табалдиевичти депутаттыкка талапкер катары каттоо бөлүгү жокко чыгарылсын.
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 15-майы
№ 82