15.09.2020 г. № 220 Жалал-Абад облусунун Токтогул, Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын аймагындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
Жалал-Абад облусунун Токтогул, Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын аймагындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
Жалал-Абад облусунун Токтогул, Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө кайрылуулардын негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаарындагы № 2236 шайлоо участкасы, Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин имаратынан А. Суеркулов көчөсү, 22 дарегиндеги Кыргыз почтасынын имаратына өзгөртүлсүн;
- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл аймагындагы № 3207 шайлоо участкасы, Кажы-Сай айылындагы маданият үйүнүн имаратынан Жунушев көчөсү, 15 дарегиндеги «Бизнес инкубатор» имаратына өзгөртүлсүн;
- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагындагы № 3214 шайлоо участкасы, Бөкөнбаев айылындагы райондук маданият үйүнүн имаратынан Шакир уста Аламанов көчөсү, 20 дарегиндеги Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн;
- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагындагы № 3215 шайлоо участкасы, Бөкөнбаев айылындагы Тоң райондук сугат тармактар башкармалыгынын имаратынан А. Карымшаков көчөсү, 66 дарегиндеги № 81 кесиптик лицейинин имаратына өзгөртүлсүн;
- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл аймагындагы № 3220 шайлоо участкасы, Төрт-Күл айылындагы ФАП имаратынан Азарбек көчөсүндөгү “Каба уулу Атабек” атындагы айылдык клубунун имаратына өзгөртүлсүн;
- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл аймагындагы № 3221 шайлоо участкасы, Туура-Суу айылындагы айылдык клубунун имаратынан, Малиев көчөсү, 33 дарегиндеги Тайлаков атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн;
- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл аймагындагы № 3233 шайлоо участкасы, Дөң-Талаа айылындагы С. Текеев атындагы орто мектебинин имаратынан, У. Искаков көчөсү, 22 дарегиндеги айылдык клубунун имаратына өзгөртүлсүн;
- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл аймагындагы № 3239 шайлоо участкасы, Туура-Суу айылындагы Сагытай атындагы орто мектебинин имаратынан, Байгазиев көчөсү, 38 дарегиндеги айылдык клубунун имаратына өзгөртүлсүн;
- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл аймагындагы № 3241 шайлоо участкасы, Оттук айылындагы М. Мамбетов атындагы орто мектебинин имаратынан, Чолпонкулов көчөсү, 52 дарегиндеги айылдык клубунун имаратына өзгөртүлсүн;
- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл аймагындагы № 3242 шайлоо участкасы, Кара-Шаар айылындагы маданият үйүнүн имаратынан, Байым көчөсү, 1 дарегиндеги Т. Салыкбаев атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн;
- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы № 3243 шайлоо участкасы, Ак-Өлөң айылындагы айыл өкмөтүнүн имаратынан, 8-март көчөсү, 21 дарегиндеги С. Каралаев атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
13. Токтогул жана Тоң аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
14. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
15. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 15-сентябры
№ 220ш.,