07.03.2020 №69 «2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун айрым жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө»

 

 

«2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун айрым жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 21 февралындагы №57 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылып кабыл алынган Маргун айылдык шайлоо округдарынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү 2020-жылдын 6-мартындагы №10-чечиминин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4,5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылы 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо учактокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. «2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун айрым жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 21-февралындагы №57 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген тиркемедеги Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айылдык кеӊешинин округдары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 

№ 1 -Маргун шайлоо округу: ( № 8006- Маргун шайлоо участкасы)

Шайлоо округунун чек аралары:

1. Маргун жана Даргаз айылдарынын Чапкылдык, Тамаша жай, Мектеп, Шарылдак, Жаштык, Батыш, Бакча, Тик-Кочо, Орукзар, Ноосай, Акбата, Ынтымак, Чыгыш, Кыр, Узун-Сай, Мазар-Сай, Кок-Жантак, Ортолук, Актилек, Бакыбек көчөлөрүндө жашаган элдер кирет.

Округдун борбору жайгашкан жер: Чапкылдык көчөсү – 38, Маргун айылдык маданият үйү.

Округ боюнча жалпы шайлоочулардын саны: 1681

Мандаттардын саны – 7 анын ичинен 3 мандат аялдар резервине

 

№ 2 –Дархум-Чурбек шайлоо округу: (№ 8005-Дархум шайлоо участкасы, № 8007 - Чурбек шайлоо участкасы)

Шайлоо округунун чек аралары:

1. Дархум айылынын Ак-Булак, Жети-Таш, Абдиназар Сыдыков, Надыр Нышанов, Жумагул аксакал, Акмат Жолдуев көчөлөрүндө жашаган элдери жана Чурбек айылындагы Чурбек, Коргон көчөлөрүнүн жашоочулары кирет.

Округдун борбору жайгашкан жер: А. Сыдыков көч. 25, Ш. Ташполотов атындагы орто мектебинин имараты.

Округ боюнча жалпы шайлоочулардын саны: 959

Мандаттардын саны – 4, анын ичинен 2 мандат аялдар резервине

2.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

  • Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш, 2020-жылдын 6-мартындагы
№ 69