Ысык-Көл облусунун Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2015-жылдын 11-февралындагы № 10 буйругу менен Арал айыл өкмөтүнүн башчысы С.С. Касымбаев, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2015-жылдын 19-февралындагы № 3/05 буйругу менен Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы Т.К. Айылчиев жана Чүй облусунун Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2015-жылдын 24-февралындагы № 28 буйругу менен Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Т. Сейдалиев, өздөрүнүн берген арыздарынын негизинде; ошондой эле, Чүй облусунун Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2015-жылдын 9-февралындагы № 23 буйругу менен Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.К. Тургуналиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу, ээлеген кызматтарынан бошотулган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 11-февралындагы № 14 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айыл өкмөтүнүн башчысы, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тийиштүү добушун албагандыктан, шайланган жок.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал, Ысык-Көл районунун Бостери, Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо, Чүй районунун Онбир-Жылга айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2015-жылдын 20-мартына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2015-жылдын 17-мартына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
3. Түп, Ысык-Көл, Жайыл, Чүй, Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары П.П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 3-марты
№ 19
2015-жылдын 3-мартында жарыяланды