“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 30-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 1-5-бөлүктөрүнө, 53, 54-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага Т.Абдраимов
Бишкек ш, 2011-жылдын 12-августу
№106
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук шайлоо
комиссиясынын
2011-жылдын12-августундагы
№106 токтому менен бекитилген
Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө
ЖОБО
- Негизги жоболор
- Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо тартиби
- Шайлоону уюштуруу
- Шайлоону өткөрүү жана добуш берүүнүн тартиби
- Шаардын мэрин шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруу жана жарыялоо тартиби
- Шаардын мэринин шайланбай калуусунун кесепеттери
- I. Негизги жоболор
1.Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыгылган жана шаарлардын мэрлерин шайлоону өткөрүү тартибин аныктайт.
2.Шаарлардын мэрлери тийиштүү шаардык кеңештер тарабынан аларды чакырып
алуу мөөнөтүнө жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат.
3. Мэрдин кызмат ордуна талапкер көрсөтүүгө шаардык кеңештин депутаттык фракциялары жана Кыргыз Республикасынын Премьер – министри укуктуу.
4. Аракетке жөндөмдүү, жогорку билими бар жана мамлекеттик же муниципиалдык кызматта иш тажрыйбасына эгедер, мамлекеттик билим берүү мекемелеринде же болбосо саламаттыкты сактоодо 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат.
Кылмыш кылгандыгы үчүн соттолгон жана соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынбаган же жоюлбаган Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло албайт.
5. Шаардын мэрин шайлоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан белгиленет жана ал аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан бош орун пайда болгондон тартып 30 күндөн кечиктирилбестен өткөрүлүүгө тийиш.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы шаардын мэрин шайлоону координациялоо жана байкоо жүргүзүү үчүн тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүн жиберүүгө укуктуу.
6. Шаардын мэрин шайлоо эгерде ага шаардык кеңештин депутаттарынын үчтөн
экисинен кем эмеси катышса болду деп эсептелинет.
7.Шайланган шаардын мэрине аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан тийиштүү үлгүдөгү күбөлүк берилет.
8.Ушул Жобону бузуу шайлоону жараксыз деп табууга алып келет.
- 2. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди каттоонун тартиби
- Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо үчүн шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн шаардык кеңештин депутаттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер – министри шайлоого чейинки 5 жумуш күнүнөн кечиктирбестен тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1) шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү боюнча чечим;
2) талапкердин көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө арызы;
3) талапкердин аты жөнү, туулган датасы, жумуш орду, ээлеген кызматы (ишинин түрү) жана жашаган жерин көрсөткөн өмүр баянынын маалыматтары;
4) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 42-беренесине ылайык, шаардын мэрине көрсөтүлгөн талаптарды ырастаган тийиштүү документтер;
10. Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынгандан тартып 3
календарлык күндүн ичинде шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү тартибинин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келерин текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө же аны каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлүү чечимин кабыл алат.
11. Эгерде аймактык шайлоо комиссиясы шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди
каттоого тоскоол болуп саналган талапкердин документтериндеги ылайык келбөөчүлүктү аныктаса, документтер алынгандан 24 саат ичинде аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди көрсөткөн шаардык кеңештин депутаттык фракциясына, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине аталган ылайык келбөөчүлүк туурасында кабарлоого милдеттүү.
Талапкерди көрсөткөн шаардык кеңештин депутаттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кабарландырууну алган учурдан тартып 48 саат ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.
12. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна көрсөткөн шаардык кеңештин депутаттык фракциясына, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине шайлоо комиссиясынын баш тартуусунун негизи баяндалган чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
13. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоодон баш тартууга төмөнкүлөр
негиз болот:
1) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы тарабынан каралган көрсөтүү тартибин сактабагандык;
2) талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;
3) талапкер башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүү экендиги;
4) талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна көрсөткөн субъектилер тарабынан (шаар кеңешинин депутаттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53 – беренесинин 1- бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык зарыл документтерди сунуш кылбагандык;
14. Талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна каттоодон баш тартуу чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.
15. Тиешелүү шайлоо комиссиясы бардык талапкерлерди каттагандан кийин 2 календарлык күндүн ичинде шаардын мэрин шайлоону уюштурат.
16. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкер каалаган учурда, бирок добуш берүү
күнүнө чейин 2 күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга акылуу. Бул учурда талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна каттаган аймактык шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
17. Талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна көрсөткөн шаар кеңешинин депутаттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен талапкерди кайра чакырып алууга укуктуу. Бул учурда шаардын мэринин кызмат ордуна тийиштүү талапкерди каттаган аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алууга милдеттүү.
- 3. Шайлоону уюштуруу
18. Шаардын мэрин шайлоону уюштуруу үчүн добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен аймактык шайлоо комиссиясынын 3 мүчөсүнөн, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлүнөн жана шаар кеңешинин өкүлүнөн турган эсептөө комиссиясы түзүлөт.
Эсептөө комиссиясы өзүнүн жыйналышында өз курамынан төрага жана катчы шайлоо жөнүндө чечим кабыл алат жана бул туурасында тийиштүү протокол түзүп, Борбордук шайлоо комиссиясына жана шаардык кеңешке кабарлайт.
19. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендеринин формасын жана текстин
аныктайт, алардын сакталышын камсыз кылат, өзүнүнүн жыйналыштарынын протоколун жүргүзүүнү уюштурат, ушул Жобого ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
20. Шайлоо бюллетендери кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыгарылат.
21. Бюллетенге шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерлер алфавиттик тартипте
киргизилет.
IV.Шайлоону өткөрүү жана добуш берүүнүн тартиби
22. Шаардын мэрин шайлоо атайын бөлүнгөн жайда өткөрүлөт.
23. Депутаттардын келиши, добуш берүүнү уюштуруу, жайды жабдуу жана анда зарыл
болгон тартипти кармоо үчүн жоопкерчиликти тиешелүү шаардык кеңештин төрагасы тартат.
24. Добуш берүү жолжобосун камсыздоо жоопкерчилигин эсептөө комиссиясы
тартат.
25. Добуш берүүнүн алдынан добуш берүү үкөктөрү эсептөө комиссиясы тарабынан
текшерилет, пломба коюлуп, мөөр басылып бекитилет.
26. Ар бир депутат жеке өзү добуш берет, башка адамдар үчүн добуш берүүгө жол
берилбейт.
27. Добуш берүүчү үкөктү ачуу алдында пайдаланылбаган бюллетендер эсептелет
жана эсептөө комиссиясы тарабынан жокко чыгарылат. Добуш берүүнүн аякташы эсептөө комиссияныны төрагасы тарабынан жарыяланат.
28. Добуш берүүчү үкөктү ачууга добуш берүү аяктаганга чейин тыюу салынат.
V.Шаардын мэрин шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруунун жана жарыялоонун тартиби
29. Добуш берүү аяктагандан кийин эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн
жыйынтыгын чыгарат. Добуштарды саноо ачык жана айкын, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан гана жүргүзүлөт жана добуш берүүчү жайда тыныгуусуз өткөрүлөт.
30. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү пайдаланылбай калган бюллетендерди кайрадан
эсептеп чыгышат, аларды жокко чыгарышат жана бул туурасында добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколуна жазуу жазышат.
31. Жараксыз бюллетендер өз алдынча эсептелет жана алар туурасында добуш
берүүнүн жыйынтыктарынын протоколуна жазуу жазылат. Шайлоочунун эркбилдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон, тиешелүү шаардык кеңештин мөөрү басылбаган, же аныкталган формага ылайык келбеген бюллетендер жараксыз болуп саналат.
32. Добуш берүүчү үкөктөгү бюллетендердин негизинде эсептөө комиссиясы добуш
берүүгө катышкан депутаттардын жалпы санын, шаардын мэринин кызмат ордуна талапкер үчүн берилген “макул” жана «бардык талапкерлерге каршы» берилген добуштардын санын аныктайт.
33. Добуштарды саноонун натыйжасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы
чыгарылат жана алар протоколго киргизилет.
34. Тиешелүү шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болгон шаардын мэринин кызмат ордуна талапкер шайланды деп эсептелинет.
35. Протоколго кол койгондон кийин эсептөө комиссиясынын төрагасы шаардык
кеңештин депутаттарынын жана катышкандардын алдында добуш берүүнүн жыйынтыктарын токтоосуз жарыялайт жана протоколду шаардык кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө киргизет.
36. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол шаардык кеңеш тарабынан
бекитилгенден кийин аймактык шайлоо комиссиясы анын көчүрмөсүн Борбордук шайлоо комиссиясына жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жиберет.
37. Шаардын мэрин шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар жалпыга
маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
VI. Шаардын мэринин шайланбай калуусунун кесепеттери
38. Тиешелүү шаардык кеңештин депутаттары тарабынан шаардын мэри шайланбай
калган учурда, бош орун пайда болгон учурдан тартып бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Премьер –министринин сунушу менен шаардык кеңешти таратууну ишке ашырат жана шаардык кеңештин депутаттарын шайлоону дайындайт.
39. Кыргыз Республикасынын Премьер –министри тиешелүү шаардык кеңештин жаңы
курамы тарабынан мэр шайлаганга чейин мэрдин милдетин аткаруучуну дайындайт.