Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы “Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө” ПЖ № 109 Жарлыгын аткаруу жана шайлоо процессине заманбап техникалык жетишкендиктерди киргизүү, добуш берүү процессин оптимизациялоо, добуштарды эсептөө процессинин ачыктыгын жана контролдугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык белгиленген тартипте добуштарды милдеттүү түрдө эсептөө менен, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана аппаратынын кызматкерлеринин катышуусунда «Miru Systems» компаниясынын (Түштүк Корея) добуштарды эсептөөнүн автоматташтырылган системасына Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо сыноо жүргүзүлсүн.
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомго контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 10-апрели
№ 60