11.06.2021 № 411 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун                              Ак-Суу районунун Отрадное жана Ак-Чий айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекит

 

2021-жылы 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 20-майындагы № 241 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное жана Ак-Чий айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Кулетов Эрмек Маралбаевич катталган. Талапкер Отрадное айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Отрадное айылдык кеңешиндеги  11 депутаттын 10 депутаты катышып,  Э. М. Кулетов -  10 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Кулетов Эрмек Маралбаевич Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Дорбаев Максат Кудаваевич катталган. Талапкерлер Ак-Чий айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Ак-Чий айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып,  М.К. Дорбаев - 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Дорбаев Максат Кудаваевич Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное жана Ак-Чий айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 7-июнундагы Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Отрадное жана Ак-Чий айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  49-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное жана Ак-Чий айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное жана Ак-Чий айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Кулетов Эрмек Маралбаевич Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Дорбаев Максат Кудаваевич Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Отрадное жана Ак-Чий айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

         

ТӨРАГА                                                                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 11-июну

№ 411