10.06.2021 № 389 2021-жылы 3, 4-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука жана 1-Май айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 3, 4-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука жана 1-Май айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 3, 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 218 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука жана 1-Май айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Абдумомунов Чынгыз Жумадилович, Койчумбаев Самат Искендербекович катталган. Талапкерлер Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.
Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 3-июнундагы протоколу менен Ала-Бука айылдык кеңешиндеги 31 депутаты катышып, 1 турда: Ч. Абдумомуновго – 8 добуш, С. Койчумбаевге – 12 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 11 добуш; 2 турда: С. Койчумбаевге – 21 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 10 добуш берилгендиги белгиленген.
Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 3-июнундагы протоколу менен Койчумбаев Самат Искендербекович Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
1-Май айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Шербаев Мухтар Нурмаматович катталган. Талапкер Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.
Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен 1-Май айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, М. Шербаевге – 20 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Шербаев Мухтар Нурмаматович 1-Май айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука жана 1-Май айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 3, 4-июнундагы Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын Ала-Бука жана 1-Май айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 3-июнунда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука жана 2021-жылы 3-июнунда 1-Май өткөрүлгөн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 3, 4-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука жана 1-Май айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Койчумбаев Самат Искендербекович Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Шербаев Мухтар Нурмаматович Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Ала-Бука жана 1-Май айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Эшимовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 10-июну
№ 389