09.06.2021 № 375 2021-жылы 2, 3-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман, Кеңеш, Сайдыкум айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 2, 3-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман, Кеңеш, Сайдыкум айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 2, 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 219 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун  Базар-Коргон районунун Акман, Кеңеш, Сайдыкум айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Акман айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Коконов Марсел Асылбекович, Атакулов Амирбек Токторбаевич, Матисаков Күлчоро Дөөлөткелдиевич катталган. Талапкерлер Акман айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июнундагы протоколу менен Акман айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, 1 турда: М. Коконов -  8 добуш,  А. Атакулов – 8 добуш,  К. Матисаков – 3 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш;  2 турда: М. Коконов -  12 добуш, А. Атакулов – 7 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июнундагы протоколу менен Коконов Марсел Асылбекович Акман айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Сагынов Шергазы Маматаминович, Алкадыров Майрамбек Маматкулович, Саипов Уларбек Рыскулович катталган. Талапкер Ш. Сагынов Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациянын башчысынан, М. Алкадыров жана У. Саипов Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 3-июнундагы протоколу менен                     Кеңеш айылдык кеңешиндеги 31 депутаты катышып, Ш. Сагынов – 2 добуш,      М. Алкадыров – 25 добуш, У. Саипов – 4 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 3-июнундагы протоколу менен Алкадыров Майрамбек Маматкулович Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 5 талапкер – Сатаров Рахманжан Сатарович, Абдыкадыров Касымбек Мамазакирович, Абдыкадыров Илгиз Маматкасымович, Абдурасулов Майрамбек Матилович, Турсункулов Бегали Маликович катталган. Талапкерлер Сайдыкум айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 3-июнундагы протоколу менен Сайдыкум айылдык кеңешиндеги 31 депутаты катышып, 1 турда: Р. Сатаров -  0 добуш,        К. Абдыкадыров – 7 добуш,  И. Абдыкадыров – 8 добуш, М. Абдурасулов – 14 добуш, Б. Турсункулов – 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 2 добуш;  2 турда: И. Абдыкадыров – 7 добуш, М. Абдурасулов – 19 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 5 добуш берилгендиги белгиленген.

Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 3-июнундагы протоколу менен Абдурасулов Майрамбек Матилович Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман, Кеңеш, Сайдыкум айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 2, 3-июнундагы Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын Акман, Кеңеш, Сайдыкум айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  2021-жылы 2, 3-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун  Базар-Коргон районунун Акман, Кеңеш, Сайдыкум айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 2, 3-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман, Кеңеш, Сайдыкум айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Коконов Марсел Асылбекович Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Алкадыров Майрамбек Маматкулович Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4 Абдурасулов Майрамбек Матилович Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясы Акман, Кеңеш, Сайдыкум айыл өкмөттөрүнүн шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Эшимовго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                 

 Бишкек ш., 2021-жылдын 9-июну

№ 375