Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 05-ноябрындагы № 180 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысын 2015-жылдын 19-ноябрында өткөрүлгөн кайра шайлоо, Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин, Кара-Суу районунун Кызыл-Суу, Жоош; Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу, Тоң районунун Ак-Терек; Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын 2015-жылдын 24-ноябрында өткөрүлгөн шайлоо боюнча Жайыл, Өзгөн, Кара-Суу, Түп, Тоң, Сузак аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 19, 24-ноябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
3. Тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп табылсын (тиркелет).
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ЫЙГАРЫМ
УКУКТАРЫН АТКАРУУЧУ А. ШАЙЫМКУЛОВА
Бишкек ш., 30-ноябрь 2015-жыл
№ 185
2015-жылдын 30-ноябрында жарыяланды
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2015-жылдын 30-ноябрындагы
№ 185 токтомунун тиркемеси
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын тизмеси
|
№ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын шайланган башчысынын ФАЖ
|
Шайлоо өткөрүлгөн күнү |
|
|
Чүй облусу Жайыл району |
||||
|
1. |
Ак-Башат |
Уметалиев Канатбек Талайбекович |
19.11.2015-ж. |
|
|
Ош облусу Өзгөн району |
||||
|
2. |
Өзгөн шаары |
Пратов Саипжон Махаматкабылович |
24.11.2015-ж. |
|
|
Кара-Суу району |
||||
|
3. |
Кызыл-Суу |
Нышанбаев Муратбек Саитбекович |
24.11.2015-ж. |
|
|
4. |
Жоош |
Тиллабаев Жылдызбек Абытович |
24.11.2015-ж. |
|
|
Ысык-Көл облусу Түп району |
||||
|
5. |
Талды-Суу |
Сатаров Данияр Сатарович |
24.11.2015-ж. |
|
|
Тоң району |
||||
|
6. |
Ак-Терек |
Өмүркулов Кенжебек Советович |
24.11.2015-ж. |
|
|
Жалал-Абад облусу Сузак району |
||||
|
7. |
Таш-Булак |
Бааев Акылбек Орунбекович |
24.11.2015-ж. |
|