22.09.20 №227 2020-жылдын 17-сентябрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун  Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2020-жылдын 17-сентябрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун  Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2020-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 29-августундагы № 189 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Абдырахманов Уланбек Кадыркулович жана Исамадыров Тельман Абдылдаевич катталган, талапкерлер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 17-сентябрындагы протоколу менен Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, У. К. Абдырахманов – 12 добуш, Т. А. Исамадыров - 8 добуш алганы, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 17-сентябрындагы протоколу менен Абдырахманов Уланбек Кадыркулович Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2020-жылдын 17-сентябрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.

1.1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Абдырахманов Уланбек Кадыркулович Ысык-Көл облусунун  Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

         ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2020-жылдын  22-сентябры

№ 227

шкек ш., 2019-жылдын