30.04.2021 №179 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Талас аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Талас аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен дайындалган Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 1 арыз келип түшкөн. Келип түшкөн арыз каралып, ал боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынды.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 19-апрелиндеги Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Талас аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.
4. Талас аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 30-апрели
№ 179