№142 2018-жылдын 3, 5-июлунда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 14-июнундагы № 120 токтому менен 2018-жылдын 3-июлуна дайындалган Нарын облусунун Ат-Башы  районунун Кара-Коюн  айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 21-июнундагы № 129 токтому менен 2018-жылдын 5-июлуна дайындалган Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаарынын мэрин, Аксы районунун Кара-Жыгач, Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо болуп өттү.

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.1. Нарын облусунун Ат-Башы  районунун Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Нарын облусунун Ат-Башы  районунун Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Бегалиев Койчубек Токтосунович табылсын.

2. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын Токтогул шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

2.1. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаарынын мэрин кайра шайлоо өттү деп табылсын.

2.2. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаарынын шайланган мэри болуп Болгонбеков Болот Турдуевич табылсын.

3. Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

3.1. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

3.2. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Момунбеков Турдалы Кочкорбаевич табылсын.

4. Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

4.1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

4.2. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Кулматов Эделбек Маматкулович табылсын.

5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2018-жылдын 11-июлу 
№ 142