Кажы-Сай айылдык кеңешинин 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 10, Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 4, Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 5-декабрындагы №3, Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 4-декабрындагы № 3 протоколдоруна, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2,4,5-пункттарына, 20-беренесиндеги 1-бөлүктүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-ноябрындагы ПЖ №218 Жарлыгынын 2-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл жана Чүй облусттарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө”
ПЖ №226 Жарлыгынын 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча округдардын схемалары төмөнкүдөй бекитилсин:
11 мандаттуу Кажы-Сай айылдык аймагы
№1 шайлоо округу
№ 3207 шайлоо участкасынын чек араларында
Шайлоочулардын саны– 879, мандаттардын саны – 4
Борбору: Кажы-Сай а., Маданият үйүнүн имараты
№ 2 шайлоо округу
№ 3208 шайлоо участкасынын чек араларында
Шайлоочулардын саны– 1299, мандаттардын саны – 6
Борбору: Кажы-Сай а., А.С. Пушкин атындагы орто мектебинин имараты
№ 3 шайлоо округу
№ 3211 шайлоо участкасынын чек араларында
Шайлоочулардын саны– 205, мандаттардын саны – 1
Борбору: Кажы-Сай а., Алтын-Жээк пансионатынын имараты.
2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча округдардын схемалары төмөнкүдөй бекитилсин:
11 мандаттуу Кумбел айылдык аймагы
№1 шайлоо округу
№ 3033 шайлоо участкасынын чек араларында
Шайлоочулардын саны – 859, мандаттардын саны – 3
Борбору: Булан – Соготуу а., Ч. Исабаев атындагы орто мектептин имараты
№ 2 шайлоо округу
№ 3034 шайлоо участкасынын чек араларында
Шайлоочулардын саны– 1909, мандаттардын саны – 8
Борбору: Корумду а., айылдык клубдун имараты
3. Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча округдардын схемалары төмөнкүдөй болуп бекитилсин:
11 мандаттуу Жаңы-Алыш айылдык аймагы
№1 шайлоо округу
№ 7004 шайлоо участкасынын чек араларында
Шайлоочулардын саны– 1460 адам
Борбору: Жаңы-Алыш а., Маданият үйүнүн имараты
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары П.П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 10-декабры
№177