23.12.2020 №505 2020-жылы 21-декабрында өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2020-жылы 21-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 7-декабрындагы 414 токтому менен дайындалган Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.

Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Исаев Сүйөрбек Курманбекович жана Талантбек уулу Азамат катталган, талапкерлер Гүлчө айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталып катталган.

Алай аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 21-декабрындагы протоколу менен Гүлчө айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 18 депутаты катышып, С. К. Исаев - 13 добуш, Талантбек уулу А. – 5 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Алай аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 21-декабрындагы протоколу менен Исаев Сүйөрбек Курманбекович Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2020-жылдын 21-декабрындагы Алай аймактык шайлоо комиссиясынын Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  2020-жылы 21-декабрында өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн
жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу
Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 21-декабрындагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Исаев Сүйөрбек Курманбекович Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Алай аймактык шайлоо комиссиясы Гүлчө айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                        

Бишкек ш., 2020-жылдын 24-декабры

№ 505