30.01.2020 №26 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу» ...
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 14-ноябрындагы №210 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүктөрүнүн жана төш белгисинин үлгүлөрүнүн сүрөттөлүшүн тактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 14-ноябрындагы №210 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2, 4-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
2) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгү жөнүндө Жобо (1-тиркеме) төмөнкү мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
«8. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төш белгисинин үлгүсүнүн сыпаттамасы:
Күбөлүк сырты булгаары менен капталган, 90х60 мм өлчөмүндөгү кочкул-кызгылт өңдүү китепче болот.
Күбөлүктүн тышкы бетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин графикалык сүрөттөлүшү көрсөтүлөт жана алтын түстүү фольга менен аткарылган “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ” деген баш тамгалар менен эки сапта жайгаштырылат.
Күбөлүктүн ички чаптамасынын сол четине “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ” деген жазуу, анын алдына – 20 мм диаметринде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин графикалык көрүнүшү, анын алдында – “жергиликтүү кеңеш” деген жазуу, анын алдына – күбөлүктү колдонуу мөөнөтү көрсөтүлөт, оң тарабында гербдин деңгээлинде 30х40 мм өлчөмүндө жалтырак фотокагазда аткарылган күбөлүктүн ээсинин анфас ракурсунда баш кийимсиз түшкөн түстүү сүрөтү жайгаштырылат.
Сүрөт аймактык шайлоо комиссиясынын тегерек герб мөөрү менен бекитилет.
Ички чаптамасынын оң тарабындагы бетине туурасы 3 мм болгон бир тилкеде оюу салынган лента жайгаштырылат, анын өйдөкү оң бурчуна – күбөлүктүн номуру - “№... күбөлүк” деп жазылат, төмөн жагындагы орто жериндеги сапта депутаттын фамилиясы баш тамгалар менен, фамилиясынын төмөн жагына – депутаттын аты-жөнү кичине тамгалар менен жайгаштырылат, аты-жөнүнүн төмөн жагына эки сапта жергиликтүү кеңештин мамлекеттик тилде толук аталышына улай “депутаты” деген сөз жайгаштырылат, төмөнкү оң бурчуна аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын инициалы жана фамилиясы баш тамгалар менен жазылып, алар аймактык шайлоо комиссиясынын тегерек герб мөөрү менен бекитилет.
Төмөнкү сол бурчуна кичине тамгалар менен “Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы” деп жазылат. Күбөлүктүн ички чаптамасынын оң тарабынын борборуна ага жалпы өң берген 30 мм диаметриндеги көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Туусунун “Түндүк” элементи жайгаштырылат.
Күбөлүктүн ички чаптамасы торчо түшүрүлгөн кызгылт-сары өндүү кагаздан жасалган өзүнчө бланкада даярдалат.»;
3) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төш белгиси жөнүндө Жобо (3-тиркеме) төмөнкү мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
«5. Төш белги 27±0,2 мм жана 26±0,2 мм чоңдук өлчөмүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусунун стилдешкен желбиреген көрүнүшү. Туунун каскагы Тууга карата 5ºка кыйшайтылган жана Туунун үстүнкү бөлүгү 2,5±0,2 мм жана төмөнкү бөлүгү 2,5±0,2 мм чыгып турат. Анын бардык өлчөмдөрү төш белгинин бет тарабы боюнча көрсөтүлгөн.
Төш белгинин негизи “алтын” түстүү калыңдыгы 1,8±0,2 мм бүтүн латунь пластинасында даярдалат. Төш белгинин чүркөлөнгөн бөлүгү жылмаланып коюлууга тийиш. Төш белгинин бүткүл жогорку бөлүгү жылмаланган жана жаркылдаган көлөм түрүндө 1±0,2 мм бет маңдайкы тарабынын үстүнкү бети латунь негизиндеги оптикалык компаунт (лактын калың катмары) менен жасалат.
Туунун каскагынын үстүнкү бөлүгү туурасы 3,15±0,2 мм. болгон учтуу формада жасалат. Каскактын узундугу анын учунан тартып 1,6±0,2 мм түзөт. Каскак “алтын” түс менен жабылат. Төш белгинин бет маңдайкы бөлүгүндө мамлекеттик Туу кызыл-кызгылт түстөгү акриль эмалы менен сырдалат. Туунун бардык периметри боюнча анын ички бети “алтын” түстөгү жылмаланган өң келтирилгенден кийин туурасы 1±0,2 мм болгон контурда (кантовка) болот.
Төш белгинин борборунда мамлекеттик Туунун “Түндүк” элементи көрсөтүлгөн. Төш белгинин төмөнкү үчтөн бир бөлүгүндө толкун түрүндө “ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШ” деген жазуу жазылат, тамгалар бекем вертикалдык түрдө жайгаштырылып, 2±0,1 мм. бийиктигинде болот. Күн нурларынын, түндүктүн жана тиешелүү жазуулардын көрүнүшү “алтын” түстү жалатуу ыкмасы менен аткарылат. Түндүктө 40 күн нуру болууга тийиш. Түндүктүн жана андагы жазуулардын жайгаштырылышы борбордун ортосуна жана Туунун бардык тарабына карата симметриялуу болууга тийиш. Түндүктүн көрүнүнүшү толкун сымалдуу болгондугуна байланыштуу тегерек формада эмес, сүйрү формада көрүнөт. Түндүктүн тышкы вертикалдык өлчөмү күн нурлары менен бирге 9,5±0,1 мм, туурасы боюнча өлчөмү 10.6±0.1 мм түзөт. Түндүктүн ички вертикалдык өлчөмү 5,2±0,1 мм, туурасы боюнча өлчөмү 5,7±0,1 мм түзөт.
Төш белгинин арткы бөлүгүндө бүчүлүгү чечилүүчү жерден фиксатор менен 0,7 мм 1.1 мм чейин жоондугу ийкемдүү болот зымынан төөнөгүч тибиндеги туурасынан кеткен бүчүлүк жасалган, ал төш белгинин негизине карата бекем жана ишенимдүү бекиткичи бар “ширетилген” ыкма менен жасалган төш белгинин негизине бекитилет. Болоттон жасалган зым бүчүлүгү чечилүүчү жерден кеминде эки (туурасынан жана бийиктигинен) жерге ишенимдүү бекитилүүгө тийиш жана ал өзүнүн огунда айланбагандай бекем болушу керек.».
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 30-январы
№26