28.04.2021 №147 Ноокен районунун Арал, Достук, Масы, Момбеков, Ноокен, Сакалды жана Шайдан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжайлары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун

Ноокен районунун Арал, Достук, Масы, Момбеков, Ноокен, Сакалды жана Шайдан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжайлары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал, Достук, Масы, Момбеков, Ноокен, Сакалды жана Шайдан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын  23-апрелиндеги:

- Арал айылдык кеңешинин;

- Достук айылдык кеңешинин;

- Масы айылдык кеңешинин;

- Момбеков айылдык кеңешинин;

- Ноокен айылдык кеңешинин;

- Сакалды айылдык кеңешинин;

- Шайдан айылдык кеңешинин

депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы шайланган депутаттарды 3 күндүк мөөнөттө каттасын жана аларга ырастамаларды жана белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

          ТӨРАГА                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 28-апрели

№ 147