Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө Кодексинин 18-беренесинин 8-пунктун жетекчикке алып, 2011-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочулардын катышуусун уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
- 2011-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочулардын күбөлүгүнүн үлгүсү бекитилсин (№ 1, 2 тиркеме).
- Шайлоо технологиялары бөлүмү эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын күбөлүгүн даярдоону аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык, КР Президентинин Иш башкармалыгынын басмаканасында даярдоону уюштурсун.
- Бул токтом ЖМКга жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шайлоо технологиялары бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Л. А.Кутуевага жүктөлсүн.
Төрага А.Сариев
Бишкек ш., 2011-жылдын 30-марты №16