“Жашасын Кыргызстан”, “Кыргыз Республикасын экономикалык өнүктүрүү партиясы” саясий партияларынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн алмаштыруу жөнүндө жазуу жүзүндө берген билдирүүлөрүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө 26-беренесинин 3-,6-,7-пункттарына, 10-беренесинин 1-пунктунун 1-,3-,22-пунктчаларына ылайык, кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Төмөнкү партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулсун:
“Жашасын Кыргызстан” саясий партиясы:
- Типеров Александр Владимирович.
“Кыргыз Республикасын экономикалык өнүктүрүү партиясы” саясий партиясы:
- Тугулбаева Анара Ишимкановна.
2. 2010-жылдын 13-августундагы №№ 027,047 каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.
3. Саясий партиялардын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
“Жашасын Кыргызстан” саясий партиясы:
- Зайков Андрей Флегонтович.
“Кыргыз Республикасын экономикалык өнүктүрүү партиясы” саясий партиясы:
- Фомина Алевтина Василевна.
4. Саясий партиялардын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө каттоо күбөлүгү берилсин.
5. бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.
ТӨРАГА А.САРИЕВ
Бишкек ш., 2010-жылдын 9-сентябры
№ 233