Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 38 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Васильевка, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой, Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын 2015-жылдын 4-майында өткөрүлгөн шайлоо боюнча Аламүдүн, Ысык-Көл, Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 4-майында өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Васильевка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.1. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын Васильевка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.2. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Васильевка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Казбекова Аида Казбековна табылсын.
2. 2015-жылдын 4-майында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.1. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Абдыкалыков Улан Канатбекович табылсын.
3. 2015-жылдын 4-майында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
3.1. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Жал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
3.2. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Бараканов Сагындык Калыбекович табылсын.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 22-майы
№ 47
2015-жылдын 22-майында жарыяланды