08.01.2021 №20 Россия Федерациясынын Саха Республикасынын (Якутия) жана Нарын облусунун Жумгал районунун аймактарындагы кээ бир шайлоо шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

Бишкек жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир  шайлоо участкаларынын санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо үчүн жана жылуулуктун жоктугуна байланыштуу даректерин өзгөртүү жөнүндө чечимдеринин негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына, 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Россия Федерациясынын Саха Республикасынын (Якутия) аймагындагы № 9006 шайлоо участкасынын дарегин Ленин проспектиси, 58 дарегиндеги Якутск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Кеңсесинин имаратынан Пояркова, 4 дарегинде А. Е. Кулаковский атындагы Достук үйүнүн имаратына өзгөртүлсүн.

2. Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл аймагындагы № 4114 шайлоо участкасынын дареги А. Омуралиев, 1 дарегиндеги № 26 кесиптик лицейдин имаратынан Рыскул уулу Абаскан көчөсү, 24-б  дарегиндеги О. Ногойбаев атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

3. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Якутск шаарындаг Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкасынын дареги өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

4. Жумгал аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                             А.БЕКМАТОВ        

Бишкек ш., 2021-жылдын 8- январы

№ 20