30.04.2021 №174 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Өзгөн районунун Кара-Таш, Кызыл-Октябрь, Жалпак-Таш, Куршаб, Кароол, Баш-Дөбө, Төрт-Көл, Жылалды, Ийри-Суу, Чангет, Зергер, Дон-Булак, Жазы, Кызыл-Тоо, Салам-Алик, Колдук, Ак-Жар, Алтын-Бул

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Өзгөн районунун Кара-Таш, Кызыл-Октябрь, Жалпак-Таш, Куршаб, Кароол, Баш-Дөбө, Төрт-Көл, Жылалды, Ийри-Суу, Чангет, Зергер, Дон-Булак, Жазы, Кызыл-Тоо, Салам-Алик, Колдук, Ак-Жар, Алтын-Булак жана                Мырза-Аке айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

 

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы  менен дайындалган Ош облусунун Өзгөн районунун Кара-Таш, Кызыл-Октябрь, Жалпак-Таш, Куршаб, Кароол, Баш-Дөбө,Төрт-Көл, Жылалды, Ийри-Суу, Чангет, Зергер, Дон-Булак, Жазы, Кызыл-Тоо, Салам-Алик, Колдук, Ак-Жар, Алтын-Булак жана Мырза-Аке айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Ош облусунун Өзгөн районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына 2, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 7 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 24-апрелиндеги

- Кара-Таш айылдык кеңешинин

- Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин

- Жалпак-Таш айылдык кеңешинин

- Куршаб айылдык кеңешинин

- Кароол айылдык кеңешинин

- Баш-Дөбө айылдык кеңешинин

- Төрт-Көл айылдык кеңешинин

- Жылалды айылдык кеңешинин

- Ийри-Суу айылдык кеңешинин

- Чангет айылдык кеңешинин

- Зергер айылдык кеңешинин

- Дон-Булак айылдык кеңешинин

- Жазы айылдык кеңешинин

- Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин

- Салам-Алик айылдык кеңешинин

- Колдук айылдык кеңешинин

- Ак-Жар айылдык кеңешинин

- Алтын-Булак айылдык кеңешинин

- Мырза-Аке айылдык кеңешинин

депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялагандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                          

Бишкек ш., 2021-жылдын 30-апрели

№ 174