28.08.20 № 182 Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 12-августундагы № 163 токтому менен 2020-жылдын 28-августуна дайындалган Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы кворумдун жоктугунан шайлоо өткөн жок.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын мурда каттоодон өткөн талапкерлер менен кайра шайлоо 2020-жылдын 11- сентябрына дайындалсын жана саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Чүй аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоолорду өткөрүүнү, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону уюштурсун жана камсыздасын:
- добуш берүүчү жайдын ичин залалсыздандыруу;
- шайлоо процессинин катышуучуларынын бири биринин ортосундагы 1,5-2-метрлик аралыкты сактоо үчүн ченемдерди белгилөө;
- жайдын кире беришине жана бюллетень берген жерлерге колду залалсыздандыруучу каражаты менен камсыз кылуу;
- шайлоо процессинин катышуучуларынын дене табын контактсыз термометр менен өлчөө;
- шайлоо процессинин катышуучуларына бет кап жана кол кап берүү;
- колдонулуучу материалдарды жана буюмдарды залалсыздандырып туруу.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты (Конурбаев М.А.) керектүү материалдар (бет кап, кол кап жана санитайзер) менен камсыздоого көмөктөшсүн.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Н. Шайлдабекова
Бишкек ш., 2020-жылдын 28-августу
№ 182