Г.П Адилованын, Т.С. Анарбековдун, Б.О Тагаевдин, Н.Н.Иманкуловдун арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 7-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрандагы № 375 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен төмөнкүлөр чыгарылсын: Адилова Гульноза Позилжоновна - «Каганат» саясий партиясынан; Анарбеков Темирлан Сапарбекович - «Эркин Кыргызстан» прогрессивдүү-демократиялык партиясы” (ЭРК) саясий партиясынан; Тагаев Бахтияр Олтинбекович - «Ак-Бата» саясий партиясынан; Иманкулов Нурлан Акунович - «Замандаш-Современник» саясий партиясынан.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төраганын
ыйгарым укуктарын аткаруучу А. Шайымкулова
Бишкек шаары, 2014-жылдын
№ 13