11.02.2020 №47 2020-жылы 7-февралда өткөрүлгөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылы 7-февралда өткөрүлгөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылы 7-февралда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №7 токтому менен дайындалган Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Төлөшов Данияр Шабданович катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 7-февралдагы протоколу менен Өзгөрүш айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 10 депутаты катышып, Д.Ш. Төлөшов 10 добуш алган.
Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 7-февралдагы протоколу менен Төлөшов Данияр Шабданович Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылы 7-февралда өткөрүлгөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.
1.1. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Төлөшов Данияр Шабданович Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясы Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 11-февралы
№ 47