№18 2018-жылдын 28-январында өткөрүлгөн Ош облусунун Араван, Кара-Суу райондорунун айрым айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2018-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 12-декабрындагы ПЖ № 13 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова, Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү.
Араван районунун С.Юсупова айылдык кеңешинде мандаттардын саны 31ди түзөт. С.Юсупова айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 8 шайлоо округ жана 8 шайлоо участкасы түзүлгөн. С.Юсупова айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 31 мандатка 71 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 13785ти түзүп, анын ичинен 8737 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 63,3 % түзөт.
Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Ак-Таш айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 3 шайлоо округ жана 3 шайлоо участкасы түзүлгөн. Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 21 мандатка 64 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 4620ны түзүп, анын ичинен 2624 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 56,7 % түзөт.
Араван районунун С.Юсупова, Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Араван, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиялары берген протоколдоруна ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 31-январындагы протоколу бекитилсин (1-тиркеме).
2. Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 31-январындагы протоколу бекитилсин (2-тиркеме).
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Араван, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.
4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 6 - февралы
№ 18