№104 2019-жылдын 9-июлунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2019-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 20-июнундагы №82 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколдорго ылайык, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 2 талапкер катталган – Жунушалиев Талайбек Эсенович, Табылдиев Сүйүндүк Молдобекович. Алар жергилүктүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.
Добуш берүүгө Кара-Суу айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 20 депутат катышкан. Добуш берүүдө Жунушалиев Т.Э. – 7 добуш; Табылдиев С.М. – 13 добуш алышкан.
Шайлоонун натыйжасында Табылдиев С.М. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылган.
Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 9-июлундагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2 Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Табылдиев Сүйүндүк Молдобекович табылсын.
2. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 17-июлу
№ 104