23.03.20 ж. №87. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл аймагындагы № 3181 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын №3181 шайлоо участкасынын дарегинин өзгөртүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

         1.Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл аймагындагы №3181 шайлоо участкасынын дареги, Боз-Бешик айылындагы маданият үйүнүн  имаратынан Боз-Бешик айылындагы Ж. Желдеңбаев атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

         2. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөрүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

         3.Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

         4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

         ТӨРАГА                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 23-марты

№87