26.04.2021 №140 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Майлуу-Суу шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31 түзөт. Майлуу-Суу шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 8 шайлоо участок түзүлгөн. Майлуу-Суу шаардык кенешинин депутаттарын шайлоого катышуу учун 5 саясий партия катталды, алардын ичинен төмөнкү 4 саясий партия шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан ашык пайыз алышкан: «Ынтымак» - 44,38% (14 мандат); «Ата-Журт Кыргызстан» - 24,26% (8 мандат); «Онугуу-Прогресс» - 16,13%       (5 мандат); «Ыйман Нуру» - 10,97% (4 мандат).

Шайлоочулардын саны 12802 түзүп, анын ичинен 5094 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 39,79% түзөт.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык 8 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2021-жылдын 15-апрелиндеги протоколдорунун негизинде Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40, 51,  56-1-беренелеринин негизинде,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 15-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жана Майлуу-Суу шаардык кеңешине жиберилсин.

4. Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                      Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2021-жылдын 26-апрели,

№ 140