25.04.2021 №125 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Сары-Камыш, Э.Аралбаев, Бел-Алды, А.Суеркулов, Жаңы-Жол, Кетмен-Дөбө, М.Абдылдаев, Ничке-Сай жана Үч-Терек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжа
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Сары-Камыш, Э.Аралбаев, Бел-Алды, А.Суеркулов, Жаңы-Жол, Кетмен-Дөбө, М.Абдылдаев, Ничке-Сай жана Үч-Терек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Сары-Камыш, Э.Аралбаев, Бел-Алды, А.Суеркулов, Жаңы-Жол, Кетмен-Дөбө, М.Абдылдаев, Ничке-Сай жана Үч-Терек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына 4 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 16-апрелиндеги:
- Сары-Камыш айылдык кеңеш;
- Э.Аралбаев айылдык кеңеш;
- Бел-Алды айылдык кеңеш;
- А.Суеркулов айылдык кеңеш;
- Жаңы-Жол айылдык кеңеш;
- Кетмен-Дөбө айылдык кеңеш;
- М.Абдылдаев айылдык кеңеш;
- Ничке-Сай айылдык кеңеш;
- Үч-Терек айылдык кеңеш
депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.
4. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 25-апрели
№ 125